Домой Коом Ош мэриясы саламаттык сактоо тармагына россиялык гранттын бирдей бөлүштүрүлбөгөндүгүнө нааразы болууда

Ош мэриясы саламаттык сактоо тармагына россиялык гранттын бирдей бөлүштүрүлбөгөндүгүнө нааразы болууда

13

Ош мэрияОш шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 21-августта шаардык кызматтардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Жыйын учурунда түштүк борбордун башчысы тиешелүү мекемелердин жетекчилерине Кара-Суу көчөсүнүн жана жаңы автотетиктер базарынын курулушун бүткөрүүнү тездетүү тапшырмасын берди. Мындан тышкары, социалдык мүнөздөгү атап айтканда, Россия Федерациясы тарабынан саламаттык сактоо тармагын жакшыртууга бөлүнгөн гранттын бөлүштүрүлүшү тууралуу сөз болду. “Биз Россиядан Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына берилген гранттын бирдей бөлүнбөгөндүгүнө нааразы болуудабыз. 100 млн сомдон Ошко болгону 19 млн сом бөлүнгөн”,- деди М.Мырзакматов.

Айбат гезити