Домой Экономика Ош мэриясында М.Мырзакматов мэр болуп турган мезгилдеги мыйзам бузуулар табылды

Ош мэриясында М.Мырзакматов мэр болуп турган мезгилдеги мыйзам бузуулар табылды

12

Мырзакматов МелисЭсептөө палатасы (ЭП) 2013-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча Жалал-Абад жана Баткен облусу, Ош шаардык акимиятына аудиттик текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Ош мэриясында бир катар финансылык мыйзам бузуулар табылды.

ЭПнын басма-сөз кызматынын маалымдашынча, мэрия кызматкерленинин компьютерде иштегендеги тарткан зыяны үчүн кошумча 599,4 миң сом негизсиз төлөнгөн. Ошондой эле 305 миң 100 сом максатсыз жумшалып, юридикалык тарапка кызмат көрсөтпөгөнү үчүн эле 380,6 миң сом төлөнгөнү текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталыптыр. Ал эми «Ош Тазалык» муниципиалдык ишканасы 10 жылдан ашуун убакыт колдонулган унааны сатып албоо тууралуу өкмөттүн токтомун уруп ойнобой, 1996-жылкы «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү машинени сатып алганы, иш сапарлары үчүн ишкана жетекчилигине 41,3 миң сом чегерилгени тастыкталган. Мындан сырткары, 606 миң сомдук абтобекеттердин курулушу аягына чыкпаганы, капиталдык курулуш башкармалыгы 1 млн. 789,2 миң сомду максатсыз пайдаланганын Эсептее палатасы тактап чыккан. Мындай одоно мыйзам бузуулар 2013-жылы, тактап айтканда, Мелис Мырзакматов мэр болуп турган кезинде орун алган. «Ош Тазалык» ишканасынын жетекчилиги, капиталдык курулуш башкармалыгы Мырзакматовдун макулдугусуз өз алдынча «ап» этип койгудай башы экөө болбосо керек. Логикага ылайык, эми Мелис Жоошбаевич дагы суракка чакырылышы абзел.

Айбат гезити №99