Домой Коом Ош шаарында «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү колго түшүрүлдү

Ош шаарында «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү колго түшүрүлдү

5

ХизбутОш шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 42 жаштагы «Хизбут-Тахрир» партиясынын активдүү мүчөсү, «мушриф» наамына ээ болуп жүргөн жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМнин Ош шаары, облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Ыкчам маалыматтарга таянып, ал жашаган үйдү тинтүүгө алган учурда анын үйүнөн бул партияга таандык жана Кыргызстанда тыюу салынган бул партиянын идеяларын үгүттөгөн 9 даана китеп, 38 даана DVD диск, 4 даана флешка 9 даана видео кассета  табылган. Шектүү катары ал жаран Ош шаардык ИИБнын Убактылуу кармалуучу жайына киргизилди.

Айбат гезити №53