Домой Кылмыш Ошто айыл округдардын биринин башчысы пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү

Ошто айыл округдардын биринин башчысы пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү

4

коррупция13-ноябрь күнү ИИМнин Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында аталган райондун айыл округдарынын биринин башчысы Б.К. аттуу жаран пара алууга шектелип колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, айыл округунун аты аталган башчысы Ош облусунун жашоочусун мыйзамсыз курулган гаражын сүрдүрүп салууну айтып, пара талап кылган. Пара талап кылуу фактысы Ош облустук ИИБыда катталып, пара алып жаткан жеринен айыл округунун башчысы колго түшүрүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 Айбат гезити №53