Домой Коом Ошто июнь окуясы боюнча «Мезгил дарылайт» аттуу көркөм тасма тартылды

Ошто июнь окуясы боюнча «Мезгил дарылайт» аттуу көркөм тасма тартылды

4

тасма

Ош облусунда 2010-жылдагы июнь окуясынын үч жылдыгына карата «Мезгил дарылайт» деген аталышта кыска метраждуу көркөм тасма тартылды. Бул тууралуу тасманын режиссеру Рысбек Жабиров билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

Р.Жабиров билдиргендей, тасма 25-июндан баштап көрсөтүлө баштайт.

«Мезгил дарылайт» көркөм тасмасында 2010-жылдагы июнь окуясынан жабырланып, жакындарын жоготкон жарандардын андан кийинки тагдыры чагылдырылат. Тасмада июнь окуясында жакындарын жоготкон эки кошунанын турмушу чагылдырылат. Тасма 33 мүнөттүк жана ага 348 миң сом акча каражаты жумшалды», – дейт Р.Жабиров.

Ал белгилегендей, фильмде Ош шаарындагы Бабур атындагы өзбек академиялык драма театрынын, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын жана Алай райондук театрынын артисттери ойногон.

«Фильм кыргыз, өзбек улутундагы жарандардын баш кошуусу менен аяктайт жана жарандарды сабырдуулукка чакырат», – дейт ал.

Булак : Баракелде