Домой Коом Ошто жыл башынан бери 51 зөөкүрлүк фактысы катталды

Ошто жыл башынан бери 51 зөөкүрлүк фактысы катталды

3

Учения по пресечению теракта на железнодорожном транспорте прошли в Калининграде

Ош облустук ИИБнын кызматкерлери тарабынан 2013-жылдын 6 айында коомдук жайларда, көчөлөрдө кылмыштуулуктун алдын алуу менен коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун, жол эрежелерин камсыз кылуу, катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында «Арсенал-3», «Укук тартиби-3», «Лидер-1», «Мектеп рекети-2», «Рекетке каршы-1», «Өспүрүм-1», «Алдын алуу-1» жана «Камкордук-1» аттуу ар түрдүү аталыштагы ыкчам иш-чаралары өткөрүлдү.

Бул тууралуу ИИМнин Ош шаары, облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Көрүлүп жаткан алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында облустун аймагында коомдук жайларда 146 кылмыш катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 12 учурга же болбосо 7,5 пайызга төмөндөгөн.

Ал эми көчөлөрдө болгон кылмыштар 60ты түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11 учурга же болбосо 15,4%га төмөндөгөн.

Зөөкүрлүк боюнча 51 факты катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 1 учурга азайган. Анын ичинен топтор тарабынан жасалган кылмыштар 23тү түзүп, 2 учурга өскөн.

Айбат гезити