Домой Саясат Ошто Мырзакматовдун тарапташтары дагы аны «Качкын» деп атоого өтүштү

Ошто Мырзакматовдун тарапташтары дагы аны «Качкын» деп атоого өтүштү

12

Мелис МырзакматовОш шаарында буга чейин экс-мэр Мелис Мырзакматовго «төшүн тосуп» колдоого алып келишкен тарапташтары эми андан көңүлдөрү калып башташканы маалым болду. Мисалы Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров бүгүн 1-октябрда өзү жашаган үйүнүн дарбазасына Мелис Мырзакматовдун сүрөтүн илип «Сен качкынсың!» деген жазууну бадырайта жазып илди. Ошону менен эле тим болбой «Азаттык» радиосу аркылуу буга чейин Мырзакматовду ачык эле колдоого алып келгени туура эмес болуп калганын моюнга алып, жалпы элден кечирим сурады. Кыязы Капаров мырза Мырзакматовдун чындап эле коррупционер болгондугуна эми көзү жеткен окшойт. Себеби ал ушул эле кадамдары менен чектелип калбастан Мелис мырзанын «Сен качкынсың!» деген жазуусу бар сүрөтүн «Улуттар биримдиги» партиясынын штабынын алдында өрттөөгө, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Жогорку Кеңештин имаратынын сыртына илүүгө катуу даярдык көрүп жатканы угулду. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Абдылда Капаров жөн жай эле мындай кадамга барып жаткан жери жок. Ал буга чейинки Мырзакматовдун ишмердүүлүгү менен тереңден таанышып, андан кийин гана ушундай пикирге келген. Капаровдун артынан эми мурда «арстан келатат, жолборс келатат» деп кыйкырып турчу тарапташтары да Мырзакматовго каршы акцияларын баштаганы туру дешет…

Айбат гезити №148 (02.10.2015)