Домой Саясат Ошурахунова, Намазалиев, Эсенгелдиевдерди Украинага кимдер чакырып жатат?

Ошурахунова, Намазалиев, Эсенгелдиевдерди Украинага кимдер чакырып жатат?

1

Украина флагБизде бейөкмөт уюм аттуудан көп нерсе жок. Кандай гана чуу болбосун, алгач бейөкмөтчүлөр кыйкырып чыгышат. Кыргызстанды кыйратып коюшкансып, эми Украинанын борбору Киевде өтүп жаткан митингдерге ат тезегин кургатпай каттай башташыптыр. Мисалы, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунова, «Фридом Хаустун» жетекчиси А.Эсенгелдиев, жаш активист Мирсулжан Намазалиев күн алыс Киевге барып жатышканын көргөндөр бизге айтып келишти. Жол кире, тамак-аш сыяктуу чыгымдарды эл аралык «AlertInternational» уюму төлөп бергени каңкууланууда. Бул үчүн ысымы аталгандар кандай кызмат көрсөтүшөт? Орчуңдуу суроо ушунда, балким, буга өздөрү жооп кайтарышар.

Айбат гезити №64