Домой Саясат Отчет бергенден качып, «сотогойдон «солойткон» Аманбаев

Отчет бергенден качып, «сотогойдон «солойткон» Аманбаев

5

КТРККоомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул схема тээ Бакиев доорунан бери өлбөй-житпей, тескерисинче, гүлдөп жашап келатыптыр. Жакшылап иликтей келгенде миллиондордун сол чөнтөккө солонушуна азыркы акыйкатчы Бактыбек Аманбаевдин катыштыгы бардыгы ачыкка чыгып калып атпайбы. Кантип дебейсизби? Бактыбек мырза 2005-2007-жылдары КТРКнын коммерциялык директорлугун аркалаган, ошондо 49 млн. сомдун изи табылбай калганын Эсептөө палатасы билдирди. Буга конкреттүү жооп узаткандын ордуна Аманбаев маалымат каражаттары аркылуу адатынча актанып кирди.

Актанганга убакыт тапкан Б.Аманбаев өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча парламентте отчет бербей качып жүрөт. Анчалык апакай экен дыргаяктап качпай, парламентке келип отчет берип, акталып албайбы дейсиң.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №127