Домой Экономика Оторбаев: Centerra Ысык-Көлгө 10 миллион доллар бөлүп берет

Оторбаев: Centerra Ысык-Көлгө 10 миллион доллар бөлүп берет

4

1Centerra Gold Inc. компаниясы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жыл сайын 10 млн доллар бөлүп берип турат. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда пресс-тур учурунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

“Бирок, биз ар дайым элден берилген каражаттардын максатсыз пайдаланылгандыгы тууралуу маалыматтарды угуп жатабыз. Буга байланыштуу фондго каражатты туура жана ачык айкын пайдалануу тууралуу багыттама берилди”, – деди Оторбаев.

Ошондой эле ал, бөлүнүп берилген каражаттар социалдык объекттилерди жакшыртуу үчүн жумшала тургандыгын кошумчалады.

Булак: kyrgyz.vb.kg/225713