Домой Саясат Өз үйүндөгү нанга жарыбаган ит, коңшу үйдүн короосунан сөөк издейт

Өз үйүндөгү нанга жарыбаган ит, коңшу үйдүн короосунан сөөк издейт

11

Равшан ЖээнбековКыз узатып жатканда эч качан жаманын чыгарбай, жакшысын атактагын деп накыл кебин айтат кызына ата-энеси. Анан акылсыз, түшүнүгү тайкы болгон келин жаманын гана чыгарып, болуп жаткан ар бир кыймылды ачыкка чыгарып, кайынын гана эмес, өз жакындарын көпчүлүк арасында жер каратып, уятка салат. Равшан Жээнбеков жетектеген УОК дал ошол жаман келинден аша чапты окшойт. Айтканыбыз Равшан Жээнбеков башында турган УОК  Казак, Өзбек, Тажик ажолоруна кайрылганында болуп жатат.

“Ат жалында шамалдай ойнобосо, ата журттун эртеңин ойлобосо, андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын” дейт. Кыргыз туулганы канында ат, эркиндик, элди коргоо деген нукта туулат. Каны ойноп, жерине жанын бергенге даяр. Ал эми УОКтун бул жоругу, биз силерди сыйлап, ар дайым колдойбуз дегени чөөнүн, тарп издеген жорунун жоругундай гана көрүнүш. Жаш баладан сен кимсиң, кайсы элденсиң десе, кыргыз, манас тукумумун деп энтеңдеп, көзүнөн жалын күйүп жооп берет. УОК жана аны жетектеген Жээнбеков ошол кичине баладай боло алган жок. Анын жеткен акылы «чабандын карыган итиникине» дал келди көрүнөт. «Өз үйүнөн нандан качып, кошуна үйдүн сөөгүнө көз арткан ит» деген макал дал ушул кыймылды сүрөттөп койду окшойт. Абийириңер, жигиттик намысыңар барбы деги?

А балким каныңарда «Жети Кулдун» каны болуп жүрбөсүн? Кыргызмын дегениңер менен кыргыздын намысын сатып жаткан жоксуңарбы, ойлонгулачы?

Айбат гезити №96