Домой Кылмыш Өзбек дипломаты мас абалында кыргыз жаранына кол көтөрдү

Өзбек дипломаты мас абалында кыргыз жаранына кол көтөрдү

0

prado2

22-чи августтан 23-нө караган түнү, саат 01:10до, Раззаков жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, Өзбекстандын элчилигине таандык авто унаа (номери CMD 111),  кыргыз жаранына таандык машинени сүзгөн (мам. номери Е7565Е). Жигули маркасындагы унаа Раззаков көчөсү менен жогору баратканда, Toyota маркасындагы унаа жол четинен Жигулиге жол бербестен, чукул айдап чыга калган. Бул ситуацияны күбөөлөр тастыктап берди. Кырсык болгон жерде, өзбек дипломаты мас абалында болгон, жана машинеден түшө калып, кыргыз жаранына кол көтөргөн. Land Cruiser авто унаасында башка дагы бир аял болгон. Жигули авто унаасынын ээси, ал жерге МАИ кызматкерлерин чакырган. Бирок дипломаттардын ал ситуацияда күнөөлүү болгонуна карабастан, алардын машинесине тийбей, штраф-стоянкага Жигулини алып кетип калышкан. Биринчи Май районунун милиция кызматкерлери дагы келип, протокол толтурушту.

Айбат гезити