Домой Дүйнө кабары Өзбек маалымат агенттиги Кытай президентинин “боюн кыскартты”

Өзбек маалымат агенттиги Кытай президентинин “боюн кыскартты”

2

9F11A4D8-C066-4EA5-9367-949133606ADC_w640_r1_s

Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги ШКУ саммитиндеги президенттердин сүрөтүн жарыялап жатып Кытай төрагасы Си Цзинпиндин боюн кыскартып, Ислам Каримовдун боюна теңдеп койду. Өткөн жумада Уфа шаарындагы саммиттеги эстелик сүрөткө түшүү учурунда эки мамлекет башчы катар туруп калган.

“Азаттыктын” өзбек кызматы тактаган маалыматтарга ылайык, Си Цзинпиндин бою 180, Каримовдуку 170 сантиметр. Алардын ортосундагы айырманы байкатпоо үчүн Photoshop программасында Кытай лидеринин бою кыскартылган.

Буга чейин аталган маалымат агенттиги 77 жаштагы Каримовдун сүрөттөрүн жарыялоодон мурда бетиндеги бырыштарды тегиздеп коюуну адат кылган. Бирок башка мамлекет президентинин боюн Каримовго ылайыкташтыруу алгач ирет болду.

 

Ал эми оригиналы:

9F11A4D8-C066-4EA5-9367-949133606ADC_w640_r1_s

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №137