Домой Кылмыш Өзүнүн 2 баласын өлтүргөнгө шектелип жаткан №44 мектептин мугалими Ленин районунун акиминин...

Өзүнүн 2 баласын өлтүргөнгө шектелип жаткан №44 мектептин мугалими Ленин районунун акиминин орун басарынын сунушу менен жумушка алынган

19

бычакӨзүнүн 2 баласын өлтүргөнгө шектелип жаткан №44 мектептин мугалими Ленин районунун акиминин орун басарынын сунушу менен жумушка алынган. Бул тууралуу  19-февралда Бишкек шаардык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

Анын билдирүүсүндө, №44 мектепке келгенге чейин Бишкек жана Кант шаарларынын 3 мектебинде, ошондой эле, мектеп-гимназияда да иштеген. Ал мугалимдер жумушка кирерде психикалык ден-соолугу тууралуу маалымдама көрсөтүүгө милдеттүү эместигин кошумчалады.

«2007-жылдын январь айында Аймира Ибраева Бишкектеги мектепке кабыл алынып, 1,5 жыл иштеген. Андан соң турмушка чыгып, жашаган жерин алмаштыргандыктан №64 мектеп-гимназиясына орношуп, анда 1 жыл иштеген. Кийин Кант шаарына көчүп кетип, ал жерде 5 жыл жашаган жана мектепте иштеген. 2014-жылдын октябрь айында №44 мектепке кабыл алынган», – деп билдирди С.Мейрманова.

Айбати гезити №116