Домой Саясат Пайзуллабек Рахмановдун сот иши 12-августка жылдырылды

Пайзуллабек Рахмановдун сот иши 12-августка жылдырылды

3

Пайзулла

Мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-жетекчиси Пайзуллабек Рахмановдун сот иши 12-августка жылдырылды. Бул тууралуу Рахмановдун адвокаты Баки Кулдашев билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 1-августта прокуратуранын кызматкерлери негизги күбөлөрдү Бишкек шаардык сотуна келүүсүн камсыздай алышкан эмес. Ушундан улам адвокат сот коллегиясынан кошумча күбөлөрдү суракка алуу боюнча өтүнгөн. Тараптардын пикирин уккан сот Жамал Жусупова адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган. Бирок, сурак башталар алдында сот өз бир аз мурун чыгарган токтомун жокко чыгарган чечим кабыл алып, сот ишин кийинкиге калтырган. “Сот коллегиясынын аракети бизге түшүнүксүз. Менин жактоочумдун ишин сот үстүртөн карап жатат деп ойлойм”,- деди Кулдашев. Белгилей кетсек, райондук сот Рахмановду 12 жылга кескен болчу.

Айбат гезити