Домой Дүйнө кабары Пакистанда туугандарынын уруксааты жок күйөөгө чыккан аялды атасы менен агасы катуу сабап...

Пакистанда туугандарынын уруксааты жок күйөөгө чыккан аялды атасы менен агасы катуу сабап өлтүргөн

1

кылмышПакистандын Лахор шаарындагы Жогорку соттун имаратынын жанында туугандарынын уруксааты жок күйөөгө чыккан аялды жакын туугандары оор абалга чейин сабап салышкан. Полиция кызматкерлеринин маалыматы боюнча, өз атасы менен бир тууганынан сабоо жеген аял сотко кайрылды. Жабырлануучу башына кирпич менен бир нече ирээт сокку жегенинен каза болгон. Анын атасы камакка алынса, калган шектелүүчүлөр качып кетишти. Кошумчалай кетсек, маалыматта айтылгандай, Пакистандын кээ бир аймактарында аялдар өз түгөйлөрүн өз калоосу менен тандоого жол берилбейт.

Айбат гезити №80