Домой Саясат Парламент бачабаздарды бычуу боюнча президенттин каршы пикирин колдоду

Парламент бачабаздарды бычуу боюнча президенттин каршы пикирин колдоду

1

ПАРЛАМЕНТПарламент бачабаздарды химиялык жол менен бычуу жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата президенттин каршы пикирин колдоду. Мындай чечимди эл өкүлдөрү  28-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында кабыл алышты. Президенттин каршы пикиринде бачабаздарды химиялык жол менен бычуу Англияда тажрыйба жүзүндө колдонулуп, бирок эч кандай натыйжа бербегендиги айтылган. Бачабаздарды химиялык жол менен бычуу балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөндөрдүн санын төмөндөтпөй тургандыгын эске алуу менен президент аларга карата өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүүнү сунуштаган.

Айбат гезити №55