Домой Кызыктар дүйнөсү PayPal кокусунан бир американецтин банк эсебине $92 квадриллион которуп алган

PayPal кокусунан бир американецтин банк эсебине $92 квадриллион которуп алган

6

долларАмериканын PayPal акча төлөө системасы, Пенсильвания штатынын тургуну 56-жаштагы Крис Рейнольдстун банк эсебине $92 233 720 368 547 800 — же «майда-чүйдөсү» менен $92 квадриллион кокусунан которуп алган.

еВау интернет-аукционунда унаа-тетиктерин сатып күн көргөн Рейнолдс, бул сумманы дүйшөнбү күнү, PayPal банк эсебинде июль айынын балансын текшерип жатып көрүп калган. Ал өзүнө ишенбей PayPal системасынын сайтына кайра текшерип көргөнү кирсе, балансы $0 болуп калыптыр. “Билбейм, мүмкүн бирөө жөн эле тамашалагысы келгендир” – деди ал.3

Бир маалга ал, мексикалык медиамагнат Карлос Слимди ашып (Forbes журналынын рейтинги боюнча анын байлыгы $73 миллиардды түзөт), дүйнөдөгү эң бай адам боло түштү. Анын банк эсеби Слимдикинен миллион эсе көп болуп атпайбы.

1PayPal өзүнүн кетирген кокустугун мойнуна алып, Рейнолдс тандаган бир кайрымдуулукту каржылоого сөз берди.  Ал эми Рейнолдс The Philadelphia Daily News гезитине патриоттук кылып, мындай деп айткан – “менде $92 квадриллион болсо, мамлекеттик карызды төлөп бермекмин”. “Андан соң ыңгайлуу келишим болсо Phillies’ти (АКШнын баскетбол клубу) сатып алмакмын” – деп кошумчалады Рейнолдс.

PayPal эсеп төлөө системасы 1998 жылы АКШда түзүлгөн. Азыр ал дүйнөнүн 190 өлкөсүнлө иштеп, 164 миллиондон ашык кардарларды тейлейт.  2002 жылдын октябрь айынан баштап, eBay компаниясынын бир бөлүгү болуп келет.