Домой Дүйнө кабары Пилот абадан эсин жоготкондо, учакты жүргүнчү кондурду

Пилот абадан эсин жоготкондо, учакты жүргүнчү кондурду

11

кабина пилотаУчак башкарып жүргөн учкуч абадан эсин жоготуп, көп өтпөй каза болду деп билдирди британиялык полиция. Ал жүргүнчү учакты кондургандан кийин, көрүп, анан кете берген. Анча чоң эмес аба кемесинин учкучу Англиянын түндүк-Чыгышындагы Сандтофт деп аталган жеке аэродромдон учуп чыккандан кийин, эсин жоготкон. Борттогу жалгыз жүргүнчүгө штурвалга отуруп, авариялык жагдайда аны кондурууга туура келген. Учак Хамберсайд аэропортуна берки кишиге тез жардам берүү үчүн чакырылган авиаинструкторлордун жардамы менен конду. Ал эми полиция учукучтун эмнеден каза болгондугун тактай элек. Анткен менен аэропорттогулар да, полиция да жүргүнчүнүн эрктүүлүгү менен каармандыгын белгилеп айтып жатышат. Тез жардам үчүн чакырылган инструкторлордун бири Рой Маррей, учакты кондурган кишинин таптакыр тажрыйбасыздыгына, ал тургай учактын тетиктери туурасында түшүнүгү жоктугуна карабай, мыкты иш жасагандыгын улам-улам баса белгиледи.

Учак коно албай, улам көтөрүлүп, улам түшүп отуруп, төртүнчү ирет, аман-эсен конгондо диспетчерлер ары толкундангандыгынан, ары кубангандыгынан шатырата кол чаап, “жасалма учкучка” дем беришти деп жазды Би-би-си. Ага чейин рейс алкагында аэропортко коно турган эки учакты асманда кармап турушкан, авариялык учак конуп, тилкени тазалагандан кийин, калган рейстер өз сааты менен аткарыла баштаган.

Айбат гезити №49