Домой Кылмыш «Пирамида» кафесинин жанынан айдоочуну тапанча менен коркутуп автоунаасын тартып алгандар кармалды

«Пирамида» кафесинин жанынан айдоочуну тапанча менен коркутуп автоунаасын тартып алгандар кармалды

5

наручники

Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, 13-июль күнү саат 21:00дөр чамасында Бишкек шаарынын тургуну 22 жаштагы К.Д.ны «Пирамида» кафесинин жанынан 20-25тер чамасындагы бейтааныш адам белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, «БМВ-540» автоунаасын тартып алган.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИБнин жана Октябрь РИИБнин кылмыш издөө кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде Сокулук районунун тургуну 20 жаштагы Т.С. кармалды.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.