Домой Саясат Премьер: КРдеги ГЭСтерди курулушу сугат мезгилинде гана жардам берет

Премьер: КРдеги ГЭСтерди курулушу сугат мезгилинде гана жардам берет

3

b2cbd4d852179af42c193a0c7f52f6efБүгүн, 20-августта суу кызматташтыгы боюнча жыйында Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев сөз сүйлөдү.

Эскерте кетсек, жыйынды уюштуруучулар Тажикстандын өкмөтү менен Бириккен улуттар уюму.

Өз сөзүндө өкмөт башчысы мөңгүлөрдүн ээриши – аймактагы сууну рационалдуу эмес пайдалануунун жыйынтыгы экенине токтолду.

“Суу маселеси аймактагы суу энергетикалык ресурстар тармагында өз ара түшүнүшүү жана аймактагы маселелерди биригип чечүү ыкмасынын жоктугунан тереңдеп жатат. Бүгүнкү жолугушуу бизге биргелешип талкуулоого, өз ара түшүнүшүүгө жардам берет”,- деп айтты Сатыбалдиев жыйындын катышуучуларына.

Ал көмүрсуутек чийки затынын кору чектелүү болгон Кыргызстан үчүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүгө суу стратегиялык маанилүү жаратылыш ресурсу экенин кошумчалады.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229221