Домой Коом Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кышында жарык өчпөйт деп сөз берди

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кышында жарык өчпөйт деп сөз берди

3

сатыбалдиевБүгүн, 9-июлда түз байланыш учурунда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кышында маал-маалы менен жарык өчпөйт деп сөз берди.

Түз байланыш учурунда шаар тургуну өкмөт башчыдан жылуулук берүү сезонуна карата болгон даярдыктар тууралуу сурады.

Сатыбалдиев учурда энергетиктер ишаналардын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизүүнү карап атканын айтты.

“Учурда биз ишкана, мекемелердин жетекчилери менен сүйлөшүп атабыз. Бул колдонуучуларга эртең мененки жана кечки чыңалган убакта электр энергияны колдонууда чектөө киргизүү жагы каралып атат. Бирок калкты биз электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздашыбыз керек”,- деди премьер.