Домой Негизги Президент А.Атамбаев энергетика маселесин өнөр жайдын жана калктын эсебинен чечүү боюнча өкмөттүн...

Президент А.Атамбаев энергетика маселесин өнөр жайдын жана калктын эсебинен чечүү боюнча өкмөттүн кадамын терең жаңылыштык деп атады

4

ЭнергетикаКыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев энергетика тармагындагы абал боюна өз пикирин билдирди:

“Кыргызстандын жарандарынын энергетикадагы кризистик абалга байланыштуу тынчсыздануусуна кошулам.

Тилекке каршы, Өкмөттүн пассивдүү позициясы, Энергетика жана өнөр жай министрлигиндеги кышка карата даярдык маселелерин терең иштеп чыкпагандыгы, чиновниктердин жоопкерчиликти мойнуна алуудан корккондугу терең ойлонулбаган чечимдерге алып келди.

Элибиз суунун аздыгынан улам Кыргызстандын өз электр энергиясын иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү кыйла төмөндөгөнүн жакшы түшүнүп турат.

Ошол эле учурда кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 млрд. 400 млн. кВт саат электр энергиясын чиновниктердин өнөр жайдын жана калктын эсебинен -электрин өчүрүү аркылуу чечүү тууралуу кадамын терең жаңылыштык деп эсептейм!

Мен Өкмөткө электр энергиясынын кошумча көлөмдөрүн коңшу өлкөлөрдөн сатып алуу маселесин иштеп чыгууну тапшырдым. Албетте, сатылып алынган электр энергиясы өзүбүздүкүнө салыштырмалуу кымбат болоору түшүнүктүү. Бирок кыргызстандыктардын көпчүлүгү электр жарыгы, жылуулук, телевидение жана башка тиричилик шарттарысыз отурганча, импорттук электр энергиясына төлөөгө даяр экенин билем.

Ошондуктан Өкмөт тарифтик саясатты кайрадан карап чыгып, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү. Анын үстүнө сот дагы азыркы тарифтик саясатты бекитүүдө мыйзам аркылуу каралган жол-жоболордун бузулушун аныктады.

Өкмөт элге чындыкты айтууга тийиш. Эгерде энергосистеманын коопсуз ишин камсыздоо үчүн электр энергиясын убактылуу өчүрүп туруулар зарыл болсо, бул тууралуу ачык айтыш керек. Бирок кандай гана чектөөлөр болбосун, биринчи кезекте карапайым элдин кызыкчылыктары корголууга тийиш. Кыргызстан эли бийлик менен ачык-айкын, адилеттүү сүйлөшүүнү кабыл алат, анткени учурдагы абалыбызды жакшы билет жана чиновниктер сыяктуу эле өлкөнүн энергетикасынын келечеги үчүн тынчсызданат.

Айбат гезити №99