Домой Коом Президент А.Атамбаев «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн каражат бөлдү

Президент А.Атамбаев «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн каражат бөлдү

7

атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, ушул жылдын 18-20-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында боло турган популярдуу музыка аткаруучуларынын «Мейкин Азия» биринчи эл аралык Ысык-Көл фестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн президенттин резервдик фондунан каражат бөлүндү.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди

Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана маданият министри Султан Раев катышты. Расмий ачылыштан кийин Кыргызстандын гимни аткарылды.

Биринчи эл аралык “Мейкин Азия” фестивалын КТРК менен түрктөрдүн ТRT Avaz каналы түз алып көрсөтүүдө. Түрк каналы 35 мамлекетте тартат. Бул тууралуу КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев билдирди.