Домой Коом Сүйүнчү! Президент Алмазбек Атамбаев чек арачыларга жаңы үйдөн, батирлердин ачкычын тапшырды!

Сүйүнчү! Президент Алмазбек Атамбаев чек арачыларга жаңы үйдөн, батирлердин ачкычын тапшырды!

0

Атамбаев чек араУшул жылдын 28-май күнү, Жал кичи районунда салынган жаңы үйдөн, 72 чек арачы жоокерлердин үй-бүлөөсүнө, батирлердин ачкычтарын президент тапшырды. Алардын ичинен 5и –кызматын өтөп жатканда каза болгон жоокерлердин аялдарына, жана 3ү – Ооганстанда кызмат өтөгөн интернационалист –жоокерлерге берилген.

“Мен, бул салтанаттуу маарекеге капысынан келип калган жокмун” – дейт президент. Анын айтуусу боюнча. 2007-жылы, премьер-министр болуп турган кезинде, ушул үйдү салуу боюнча өкмөттүн чечимине кол койгон. “Акча бар болчу жана курулуш 1-2 жыл ичинде бүтмөк. Бирок, мен премьерликтен кеткенден кийин, тилекке каршы ал акча башка жака кеткен. Акыры бул үй, мен кол койгондон кийин 7 жыл өтүп бүттү” – деп белгилей кетти Алмазбек Атамбев. Ошентип 72 үй-бүлөө сүйүнүп отурган кези. Конуш кут болсун!

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №80