Домой Коом Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрин кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министрин кабыл алды

5

калыкбек султановБүгүн, 2013-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы автомобиль жолдорунун курулушунун жана реконструкцияланышынын жүрүшү талкууланды. Атап айтсак, өлкөнүн «Ош – Баткен – Исфана», «Бишкек – Торугарт» жана «Түп – Кеген» сыяктуу маанилүү автожолдорунун курулуш маселелери каралды, деп жазат КР президентинин расмий сайты.

«Ош – Баткен – Исфана» автожол долбоору боюнча министр Президентке жакынкы күндөрдө «Баткен – Исфана» автожол тилкесинин курулушу башталарын маалымдады.

Калыкбек Султанов ошондой эле Мамлекет башчысына өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун жаңы маршрут боюнча бириктире турган альтернативалуу автожолдун курулушунун башталышына даярдыктын жүрүшү жөнүндө баяндады.