Домой Коом Президент мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жарлыктын аткарылышын талкуулады

Президент мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жарлыктын аткарылышын талкуулады

4

алмазбек атамбаевБүгүн, 22-августта, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы президентке өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Ошондой эле, жолугушууда “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” президенттин жарлыгынын аткарылышы, 23-сентябрда белгиленчү Мамлекеттик тилдин күнүн уюштурууга байланыштуу маселелер дагы талкууланды.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229386