Домой Саясат Президент папке талашууну токтотууга чакырды

Президент папке талашууну токтотууга чакырды

10

Алмазбек АтамбаевПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков жана парламенттеги беш фракция лидерин кабыл алды. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жаңы коалициянын тагдыры талкууланып, натыйжада көпчүлүктү куроо укугу КСДП фракциясына ыйгарылды. Өлкө башчысы өз сөзүндө коалицияны түзүүдө Башмыйзамды бекем сактоо керектигин билдирди. Ошондой эле ар кыл министрлик, агенттиктерди бөлүштүрүү ыкмасынан баш тартып, коалициялык макулдашууда өкмөт курамын аныктоону гана сунуштады. Атамбаевдин бул кебинде калет жок. Папке талашып, «өз» же «жат» адам дебестен, кандай гана кызмат болбосун чыныгы профессионалдарды тартуу зарыл. Ошондо гана мамлекетибиз өнүгөрү калетсиз.

Айбат гезити №70