Домой Саясат Прокуратура: Түлеевдин жакындарынын мүлкүн камакка алуу мыйзамда жок

Прокуратура: Түлеевдин жакындарынын мүлкүн камакка алуу мыйзамда жок

6

прокуратураВедомстводон соттолуп жаткан адамдын туугандарынын мүлкүн алуу тууралуу мыйзамда берене жок экенин мойнуна алышты, бирок буга тыюу да салынган эместигин айтышты.

Мыйзам соттолуп жаткан адамдын жакындарынын мүлкүн камакка алууга тыюу салбайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Ленин райондук сотунун Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге карата чыгарган чечимине комментарий берип жатып Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ведомство өкүм КРдин Кылмыш кодексинин 183-жана 303-беренелерине таянып чыгарылганын белгилейт.

Бирок прокуратурадан ошондой болсо да мыйзамда соттолуп жаткан адамдын жакындарынын мүлкүн алуу тууралуу берене каралбаганын, бирок буга тыюу дагы салынбаганын белгилешти

“Бул соттун чечими, Түлеевдин жактоочулары аны даттана алышат. Бирок мыйзам соттолуучунун үй-бүлөсүнүн мүлкүн камакка алууга тыюу салбайт. Тергөө маалында жакындарынын, анын ичинде жашы жете электердин дагы мүлкү иш жүзүндө Түлеевге таандык экенин белгилүү болду”,- деп белгилешет басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, Ленин райондук соту мурдагы шаар башчысынын балдарынын, атасынын туугандарынын жана аялынын мүлкүн конфискациялоо тууралуу токтом чыгарган.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229583