Домой Кылмыш Психикалык жактан оорулуу кызды зордуктоого шектүү милиция кызматкери камалды

Психикалык жактан оорулуу кызды зордуктоого шектүү милиция кызматкери камалды

1

наручники

Психикалык жактан оорулуу кызды зордуктоого шектүү милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга тергөө учуруна камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Жабырлануучунун адвокаты, «Азаттык үнү» коомдук фондусунун кызматкери Евгения Крапивина билдиргендей, 19-июлдан 20-июлга караган түнү бир нече адамдын ортосунда Н.К.нын үйүнөн уруш чыгып, милицияны чакырууга туура келген. «Чакыруу боюнча үч милиция кызматкери келген. Жаңжалдын эмне себептен болуп жатканын түшүндүрүү учурунда, милиция кызматкерлеринин бири 26 жаштагы кызды башка бөлмөгө алып барып, зордуктаган. Кыз психикалык жактан оорулуу болгондуктан жана формачан үч кишини көргөндө, андан дагы бирөөсүнүн автоматы болгондуктан, жөн гана унчукпай туруп берген», – дейт ал.

Бирок, 22-июлда Октябрь РИИБне арыз менен кайрылган.

Бул жаңжалды шаардык милициядан да тастыкташып, азыркы тапта шектелген адам тергөө учуруна убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылып жатат.

Айбат гезити