Домой Шоубизз Пугачева менен Галкин эгиздүү болушту

Пугачева менен Галкин эгиздүү болушту

2

Максим и АллаЛегендарлуу ырчы Алла Пугачева менен Максим Галкин ата-эне статусуна ээ болушту. Ал экөөнүн эгиз балдарын башка бир келин төрөп берди. Уулун Гарри деп аташса, кызына Елизаветта деген ысым ыйгарышты. Мындай кош жаңылыкты Примадоннанын кызы Кристина Орбакайте, курбусу Алина Редель жана Максим Галкиндин байкеси Дмитрий гана билген.  Белгилей кетсек, 64 жаштагы Алла менен 37 жаштагы Максим 12 жылдан ашуун чогуу өмүр сүрүп келишет. 2011-жылы католиктердин майрамында үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Учурда эгиздер Максимдин Грязь айылындагы сарайында. Атасы балдарын күнү-түнү карап туруш үчүн квалификациялуу бала багуучу жана атайын мыкты педиатр жалдаган.

Айбат гезити №49