Домой Дүйнө кабары Путин жикчилерди референдумун токтото турууга чакырды

Путин жикчилерди референдумун токтото турууга чакырды

5

ПутинПутин бул  тууралуу кечээ Москвада, ЕККУнун учурдагы төрагасы, Швейцариянын президенти Дидье Буркхальтер менен кездешкен соң билдирди.

Орус президенти ошол эле учурда Киевдеги бийликтерди коопсуздук операцияларын тезинен токтотууга үндөдү. Путиндин пикиринде, Украинанын 25-майга белгиленген шайлоосу өлкөнүн проблемаларын чече албайт. Ак үй орус президентинин бүгүнкү сөздөрүн комментарийлеп, Украинанын чыгышындагы референдумдар токтотулбастан, такыр эле өткөрүлбөшү керектигин белгиледи. Расмий Киев жана анын Батыштагы өнөктөштөрү орусиячыл жикчилердин референдум өткөрүү мүдөөсүнүн артында Москва турат деп эсептейт. 11-майдагы референдумду Украинанын чыгышында Доненцк Элдик республикасы түзүлгөнүн жарыялагандар өткөргөнү жатышкан.

Айбат гезити №77