Домой Шоубизз Р.Акун Калифорния университетинин Киноискусство мектебинен билим алат

Р.Акун Калифорния университетинин Киноискусство мектебинен билим алат

3

Руслан Акун«Салам, Нью Йорк», «Бишкек, мен сени сүйөм» тасмаларынын режиссеру Руслан Акун ушул жылдын апрель айында Түштүк Калифорния университетиндеги Киноискусство мектебинин (School of Cinematic Arts at USC) тандоо сынагынан өткөн.

Түштүк Калифорния университетинин Киноискусство мектеби профессионал билим берүү менен анын бүтүрүүчүлөрүнө чоң киного жол ачылат.

Кошумчалай кетсек, өздөрүнүн эмгектери менен дүйнөгө таанымал болгон режиссерлор Джордж Лукас («Звездные войны»), Рон Ховард («Игры разума»), продюсер Джон Ландау («Титаник», «Аватар») аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү.

Бул мектептин тандоо сынагынан өтүү үчүн, албетте тил билүү талабы менен катар тест тапшырылат жана тасма жөнүндө сын макала, тартылган тасмаларынан үзүндү камтылган портфолио, ошондой эле үчтөн кем эмес көрсөтмө талап кылынат.

Азырынча КМШ өлкөлөрүнүн жалгыз мүмкүнчүлүк алган Р.Акундун билим алуусу үчүн Кыргызстандагы ири компаниялардын бири каржылык жактан колдоо көрсөтүүдө. Маалыматтарга ылайык, аталган мектеп август айынын аягынан баштап билим берүүсүн улантат.

Айбат гезити №92