Домой Саясат Р.Жээнбеков: “Садыр Жапаровду эч ким колдобой койду, ал жалгыз калды”

Р.Жээнбеков: “Садыр Жапаровду эч ким колдобой койду, ал жалгыз калды”

3

Жапаров СадырСадыр Жапаровдун митинги башка оппозиционерлерден колдоо таппаганы үчүн башка күнгө которулганын УОКтун башчысы Рашван Жээнбеков интернет-басылмаларга билдирген.
Анын айтымында, Жапаров 17-мартта Ак үйдүн алдында митинг болот деп башка оппозиция лидерлери менен макулдашпай эле жарыялап жиберген, андан соң гана УОКту чакырган. «Лидерлер баш тартышты. Ал жалгыз калды, бир гана Нурлан Мотуев аймактардан колдоп жүрөт. Миңдеген митингди жалгыздап уюштуруу татаал, ошондуктан аны 31-мартка которду. Бийликтин провокациясынан кооптонуу деген жөн гана шылтоо», — дейт депутат.
Эскерте кетсек, Жапаров өзү болсо бийлик чагымчылдар тобун даярдап жаткандыктан курултайды башка күнгө жылдырганын айткан.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №69