Домой Саясат Р.Жээнбеков террористтерди колдоп калганбы?

Р.Жээнбеков террористтерди колдоп калганбы?

3

Жээнбеков Равшан16-июлда борбор калаада коомчулуктун жүрөк үшүн алган окуя катталды. 17-июлда айт намазында терракт уюштуруп, Канттагы Россиянын авиабазасын жардырууну пландашкан жанкечтилер тобу УКМК тарабынан жок кылынды. Террористтик топту каражат, курал-жарак менен камсыздоону мурдагы “ак жолчу” депутат Максат Кунакунов мойнуна алганы белгилүү  болду. Кызык жери, оппозиция жээгинде жүргөн Равшан Жээнбеков Кунакуновдун адвокатына айланып, аны актап кирди.

Р.Жээнбековдун айтымында, М.Кунакунов террористтик топтун тарапкери эмес экен, муну атайын кызмат атайылап уюштурган имиш. Шылтоо болбосоң кое кал! Эмне, Равшан Бабырбекович үчүн өлкөнүн тынчтыгы, адамдардын өмүрү сокур тыйынчалыкпы? Эгер жанкечтилерди УКМК жок кылбаганда 17-июлдагы айт намазында канча адам шейит кетмек эле? Канттагы базаны жардырып жиберишсе не болмок? Расмий маалыматка таянсак, бул топ бир катар кол салууларды уюштуруп, Кыргызстанда баш-аламандык уюштурууну пландашкан. Эмне, Р.Жээнбеков ушундай “хаосту” күтүп атты беле?

Сүйлөйт десе эле сүйлөп, актайт десе эле актай бергенди токтотушубуз керек. М.Кунакуновго айып тагылды, эми анын күнөөсү бар-жогун сот аныктайт. Эгер коюлган дооматтар аныкталып калса, Равшан мырза дагы террористтердин жактоочусу болуп калабы?

Айбат гезити №138