Домой Кырдаал Радикалдар кайсы согушка даярданып жатышат?

Радикалдар кайсы согушка даярданып жатышат?

4

Ош террор радикал

Бишкектин жана Жалал-Абаддын базарларында адамдар тобу аскер формасын көп санда сатып алганы боюнча маалымат чыкты. Маалыматка ылайык, бул адамдар радикалдык секталардын катарында турат. Бир алганда эле 30 комплектке чейин сатып алышууда.

Укук коргоо органдарында бул маалыматты тастыкташып, чынында эле аскер формасына талап чоң болуп атканын айтышты. Бирок, алардын айтымында, камуфляжды коңшу Казакстандын мергенчилери сатып алууда. Алар негизинен “Манас” авиабазасынан кетип жаткан американецтердин базарларга өткөрүп жаткан формасын алышууда.

Канткен күндө да сактанганды сактайт дейт. Элибиз, өзгөчө укук коргоо, күч органдары сак болуп, ар бир бул сыяктуу маалыматты тыкыр иликтөөгө алышы абзел.

Айбат гезити №67