Домой Коом “Рахат” пансионатында көлгө түшүп жатып 20 жаштагы бала чөгүп кетти

“Рахат” пансионатында көлгө түшүп жатып 20 жаштагы бала чөгүп кетти

0

1

Ысык-Көл районунда кечээ, 11-июль күнү саат 13:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1993-жылы туулган Э. Кубанычбеков “Рахат” пансионатында көлгө түшүп жатып чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Чөгүп кеткен адамды КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоочу борборунан 6 суучул тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Издөө иштери бүгүн 12-июль күнү улантылууда.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227286