Домой Саясат Равшан Бабырбекович мамлекеттен алгандарын кайтарып береби?

Равшан Бабырбекович мамлекеттен алгандарын кайтарып береби?

3

Равшан ЖээнбековПарламенттин 4-декабрдагы жыйынында эркин депутат, БОК лидери Равшан Жээнбеков мамбюджеттин 1/3 бөлүгү ички-тышкы карыздардын эсебинен куралгандыктан, президент, спикер, өкмөт башчысынын мамлекеттик резиденцияда жашап, бизнес-класста учушуна моралдык укугу жок деди. Анын мындай кезектеги популисттик кеби интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратты.

Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү: «Равшан Бабырбекович, анчалык апакай болсоңуз убагында мамлекеттен алган байлыктарды кайтарып бербейсизби? «Асыл Таш» пансионатын кайтарып бериниз?» дегендей пикирлерин жаадырышты. Ошол эле маалда анын маммүлктү калчап турган кезинде мамлекеттик ири 342 объектини менчиктештирип, баштан ашкан байлык чогултканы элдин эсинен чыга элек. Ошол маалда Равшанчик ушундай ойлонду бекен? Албетте жок. Ал кезде анын көздөгөнү бирөө гана болгон, ал – мамлекеттин, элдин байлыгына суук колун салып, миллионерге айлануу. Убагында коррупциянын ана башында туруп, эми элге акыл үйрөтүп, оппозиция лидери боло калыш Равшан Бабырбековичтин табигый жүзүн ашкерелейт. Кичине уяты болсо унчукпай шүк отурбайбы дейсиң. Же өзү кыялдангандай өкмөт башчысы же президент болуп, убагында уурдап-тоной албай калгандарын улантып, миллиардерге айланып, көнгөн адатынча океандын ары жагына «дыр-р» койгусу келип атабы?

Айбат гезити №107