Домой Саясат Равшан Жээнбеков БОКтун «чатчы-лидериби»?

Равшан Жээнбеков БОКтун «чатчы-лидериби»?

6

чатАлгачкы аталышы БОК (Бириккен оппозициялык кыймыл), кийинчерээк УОК (Улуттук оппозициялык кыймыл) болуп өзгөргөн кыймылдын лидери Равшан Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор ичтен чыга баштады. Оппозиция өкүлү Сабыр Муканбетов УОКту улуттук оппозиция эмес, «унутулган оппозицияга» айланышына анын жетекчиси Равшан Бабырбековичтин салымы зор экенин «Майдан» гезитине курган маегинде билдирип, анын интернеттеги социалдык түйүндөрдөн башы чыкпай, реалдуу күрөш жүргүзбөй жатканын сынга алган эле. Андан көп өтпөй дагы бир оппозиционер Рамазан Дырылдаев «Майдан» гезити аркылуу Р.Жээнбековду ишмердүүлүгүн кескин сындап өттү. Анын айтымында, БОКтун төрагасы интернеттен башы чыкпай, «чатчы-лидерге» айланып кетиптир. «Равшан Жээнбековдун интернеттен башчы чыкпайт. Ал мүмкүн араб өлкөлөрүндөгү революциялар интернеттеги “Фейсбук” сыяктуу социалдык түйүндөр аркылуу чыкканын эске алып, атайын ушундай иш алып барып жаткандыр. Бирок, Кыргызстанда алардай мүмкүнчүлүк жок. Айылдарды алып карасак, кайсы интернет… Эми биз Р.Жээнбековду жаш, курчтугун эске алып, шайлаганбыз. Бирок, чындыгында эл арасында жакыш иш жүрбөй жатат. Кээде эле билдирүү менен чыгып калышат. Бирок, бул болгону техникалык иш да. Салмактуу, уюштуруучулук иштери көрүнбөйт» дейт Р.Дырылдаев.

Айбат гезити №112