Домой Саясат Равшан Жээнбеков «Гейлер» маселесине келгенде эле неге куйругун түйүп кетет?

Равшан Жээнбеков «Гейлер» маселесине келгенде эле неге куйругун түйүп кетет?

6

Жээнбеков РавшанКечээ 15-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары бирдей жыныстагы адамдардын карым-катышын жалпыгамаалымдоо каражаттарында жайылтууга тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алышты. Жалпы жонунан добуш берүүгө 86 депутат катышып, анын 79у «макул» деген добушун беришкен. Калгандары кыргыз элинин менталитетине туура келбеген, коомду, ыйманды буза турган бир жыныстагы адамдардын карым-катышын коомчулукка ачык-айкын эле жайылтууга каршы эмес экендиктерин билдиришкен. Эске сала кетсек, депутаттардын мындай мыйзам долбоорун көтөрө баштаганына АКШ элчилиги тынчсызданып, «адамдын фундаменталдык укуктарын чектеп, демократиялык баалуулуктарга доо кетирип жатасыңар» дегендей маанидеги билдирүүсүн жарыялаган болчу. Буга жооп кылып КР Жогорку Кеңеши мындай мыйзам долбоорун кароо менен Кыргызстандын Башкы мыйзамына эч кандай карама-каршы иш жасап жатпагандарын билдирген. Конституцияда 1-орунда үй-бүлө тура тургандыгын жана ата-бабаларыбыздан бери келаткан нарк-насилди, менталитетти мыйзам аркылуу коргоо керек экендиги жазылып тургандыгын айтышкан. Анан үч сөзүнүн экөөсү Батыштын, Американын саясаты болгон ЖКдагы эркин депутат Равшан Жээнбеков мына ушул мыйзам долбоору парламентте карала турган болуп атканда акырын жылып, Ак үйдүн сыртына качып кеткени маалым болду. Кыязы, АКШ «акеси» «Сен да «макул» деп добуш берсең, жеп аткан жемиңен айрылып каласың» деп муштумун кезеп койсо керек. Же баскан-турганы анча-мынча кыздарга окшоп кеткен дагы бир батышчыл коллегасы экөө соо эмеспи деген гана суроо туулат да?…

Айбат гезити №100