Домой Коом Ремонт иштери жүргүзүлбөгөн бардык райондорго ысык суу берилди

Ремонт иштери жүргүзүлбөгөн бардык райондорго ысык суу берилди

6

ысык суу

“Ысык суу трубаларды алмаштыруу иштери жүрүп жаткан аймактардан башка Бишкектин бардык райондоруна ысык суу берилди. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасынын техникалык директору Михаил Курганов билдирди.

Директордун орун басары Павел Рыбалкиндин айтымында, учурда Салиев көчөсүндө жарылган суу куурун оңдоо иштери жүрүп жатат.

“Башка район тургундарына ысык суу чыгуучу чоргодон муздак сууну агызып салууну сунуштайм. Буга 1-2 саат сарпталат. Эгерде аны агызып салбаса ысык суу келбейт”, – деди ал.

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/225732