Домой Негизги «Республика Атажурттун» «Данчикке» күнү түшөбү?

«Республика Атажурттун» «Данчикке» күнү түшөбү?

18

Данияр Үсөнов«Республика Ата журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев эл өкүлү Динара Исаева менен жолугушуу өткөрдү. Анда алдыдагы парламенттик жарышта Чүй облусунан арбын добуш жыйноо маселеси талкууланыптыр. Ал үчүн, Динара Шертаевнанын акчасы самандай сапырылышы керектиги ачык айтылды дейт. Динара айым кадимки Данияр Үсөновдүн «көрөр көзү» экенин билебиз. Мындан улам: «Республика – Ата журттун» «спонсору» Данияр Токтогуловичби?» деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Эске сала кетсек, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Камчыкебиз «Динара Исаева депутаттыгын өткөрбөсө, мен парламентке барбайм» деп догурунуп жүргөн эле. Эми минтип анын акчасына күнү түшүп калганын көр, эй! Бул Камчыкенин позициясы “опоң-чычаң”экенин эле көргөзөбү же?..

Айбат гезити №113