Домой Саясат «Республикачылардын» өкмөттү аласалдыруу тилеги таш капты

«Республикачылардын» өкмөттү аласалдыруу тилеги таш капты

11

Арипов НазаралиЭске сала кетсек, парламенттеги «Республика» фракциясынын лидери Назарали Арипов учурдагы Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөтү кетирүү үчүн депутаттардын колун топтоп атканы маалым эле. Тактап айтканда ал өкмөттү кетирүү үчүн 47 депутаттын колун топтоп койгонун жар салып, өкмөттү өз ыктыяры менен эле отставкага кетип калууга чакырып жаткан. Бирок, андан көп өтпөй эле Арипов айткан 47 депутаттын 14ү кайрадан өздөрү койгон колдорун чакыртып алышканы маалым болду. Эл өкүлү Н. Мадеминовдун айтымында өкмөт өткөн жылы ички дүң жыйымды 10,5 пайызга көтөргөн экен. Мындай ийгиликке жетишип жаткан өкмөттү кетирүүнүн зарылчылыгы жок экендигин билдирип чыкты. Ал эми колун чакыртып алган депутаттар кимдер десеңиз, булар: Гүласал Садырбаева, Урмат Аманбаева, Нурбек Алимбеков, Акылбек Эшимов, Элмира Иманалиева, Майрамкан Кадырбекова, Нуржана Бадыкеева, Кантемир Мурзабеков, Каныбек Осмоналиев, Бахадыр Сулейманов жана Бакыт Шаршеев. Мындан улам өкмөттү алмаштыра берүүнү оюнга айлантып алгандай болгон айрым депутаттардын ою ишке ашпай калды.

Кыштын кычыраган мезгили дагы быйыл анчалык катуу болгон жок. Демек, өкмөттүн учурдагы экономикалык оор абалга карабастан кышка даярдыгы жакшы болгондугун көрсөтүп турат. Ошол эле убакта алдыда жаз жарыш кызуу жүрүүдө. Жаздын келиши менен жер айдоо, эгин эгүү өңдүү түйшүктүү жумуштар күтүп турат. Мына ушундай маалда өкмөттү алмаштыруу, бул ансыз да оор абалда турган экономикабызды ого беш бетер оорлонто тургандыгы белгилүү. Ушундай тапта эл өкүлдөрүнүн кырдаалга саресеп салып, өкмөттү кетирүү сунуштарынан кайтып жатканы олуттуу кадам болуп эсептелет.

Айбат гезити №68