Домой Экономика РФ президенти В. Путин РФ жана КР ортосунда евразиялык интеграциянын шарттарында экономикалык...

РФ президенти В. Путин РФ жана КР ортосунда евразиялык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү келишиминин ратификациясын бекитти

4

Владимир ПутинРоссия президенти Владимир Путин 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган Россия Федерациясынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы евразиялык экономикалык интеграциянын шарттарында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү тууралуу келишимдин ратификациясын бекетти.

Кыргызстан жана Россиянын президенттери Астана шарында евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында 1 миллиард доллар капиталы бар өнүктүрүү Фондун түзүү тууралуу макулдашкан.

Россия тарап кыргыз тараптын көрсөтүлгөн тармактарга долбоорлорду реализациялоо үчүн бирдей үлүштөгү Фонддун капиталын түзүү аркылуу каражат алуусун камсыздайт. Каражат эки жылдын аралыгында төмөнкү шарттарда келет: уставдык капитал 500 миллион доллар өлчөмүндө, убактылуу алынган акчалардын көлөмү 500 миллион доллар.

Буга чейин 21-ноябрда Мамдума евразиялык экономикалык интеграциянын шартында кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык экономикалык кызматташууну өнүктүрүү келишимин ратификациялаган.

Айбат гезити №107