Домой Экономика Россия алты областта үй чарбаларын колдош үчүн 1 млн доллар бөлүп берди

Россия алты областта үй чарбаларын колдош үчүн 1 млн доллар бөлүп берди

10

1Россиянын өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына Кыргыз республикасындагы азык-түлүк коопсуздугу төмөн болгон үй чарбаларын колдош үчүн 1 млн доллар грант бөлүп берди.

Бир жолку бериле турган грант ирригациялык түйүндөрдү, айдоо аянттарын калыбына келтирүү, айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу жана табият кырсыктарынын тобокелдиктерин азайтуу максатындагы долбоорлорду ишке ашырып жаткан “Иш үчүн азык-түлүк” деп аталган программаны колдоого багытталган.

Долбоорлор Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын айыл жерлеринде ишке ашырылмакчы.

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227045