Домой Коом Россиядагы мигранттардын капчыгын каккысы келген Орунбеков же үй-бүлөсүн бакпаган Адил Турдукулов

Россиядагы мигранттардын капчыгын каккысы келген Орунбеков же үй-бүлөсүн бакпаган Адил Турдукулов

10

мигрантыДайырбек Орунбеков аттуу чала сабат журналист бар. “Калптын казанын боркулдата кайнаткан” бул эргул жакында эле “беш өрдөгүн учурганы” үчүн сот алдында 2 млн. сом доого жыгылган эле. Анан көрүп алгыла: 2 миллионду чогултуш үчүн 1 сомдон элден жыйнай башташты. Жамы журт колдобой койгон соң, эми Россиядагы мекендештерибиздин капчыгын кагууга киришишиптир. Алар бөтөн жерде жыргаганынан жүрүшкөнсүп.

“Жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн” дейт элибизде. Анын сыңарындай, Дайырбек калпты жазганы үчүн мыйзам чегинде жооп бериши керек, өзүнүн жеке маселесине коомчулукту аралаштырбай. Кызык жери, мигранттардан акча жыйноо идеясынын башында “жаңы муунчу” Адил Турдукулов турат экен. Башкасы го башка, бу Адилчикке эмне шам? Жакында эле анын аялы Адилдин үй-бүлөсүн таштап, балдарын бакпай кетип калганын жар салганын уктук. А.Турдукулов “беш өрдөкчүлөрдүн” камын көргүчө, койнундагы аялын, үй-бүлөсүн тындап бакпайбы, кысталактыкы десе…

Айбат гезити №140