Домой Экономика Россиянын авиациялык бажысынын өкүлдөрү “Манаска” келишти

Россиянын авиациялык бажысынын өкүлдөрү “Манаска” келишти

4

аэрапортРоссиянын федералдык бажы кызматынын авиациялык бажычылары тажрыйба алмашуу жана аэропорттун ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында “Манас” аэропортуна келишти. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Шереметьево, Домодедово, Внуково аэропортунун бажычылары “Манас” бажысына КРнын Бажы биримдигине кирүү иш-чарасынын алкагында келишкен.

Конокторго бажы документтерин толтуруу, жүргүнчү агымын көзөмөлдөө жана башка аткарылчу иштер тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Манас” бажысынын башчысы Улан Кимсанов менен федералдык бажы кызматынын өкүлдөрүнүн ортосунда тиешелүү протоколго кол коюлду.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227848