Домой Маек Роза Муратова, ууз-чебер: “Азыркы биздин бийликтен чектөө коюлганын көргөнүбүз жок”

Роза Муратова, ууз-чебер: “Азыркы биздин бийликтен чектөө коюлганын көргөнүбүз жок”

2

Шайлоо– Парламенттин 6-чакырылышынын депутаттарына добуш берүү күнүнө эки гана күн калды. Сиздин жеке оюңузча бул жолу карапайым калктын тандоосуна бийлик тараптан эч кандай чектөөлөр болгон жокпу?

– Биздин бийлик мурдагы бийликтерге салыштырмалуу алда канча жакшы болду. Айталы Бакиевдин учурунда элдин добушун зордук-зомбулук менен алса, азыркы биздин бийликтен чектөө коюлганын көргөнүбүз жок.

– Кээ бир партиялар добушту көбүрөөк алуу үчүн шайлоочуларга акча таратып аткандарын да көрүп атабыз. Мындай жагдай ал партияларга кадыр-барк алып келеби?

– Азыр баарын акча чечип калган заман окшойт. Жеке менин оюмча акчага элди сатып алса, ал партияга абийир алып келбейт жана жыргатпайт. Шайлоого келген соң элдин канын соргону- соргон. Анткени шайлоого акчасын чачып, элге акча таратканын бат эле чыгарып алып, өлкөнүн келечегине чоң сокку урушу айдан ачык. Ошондуктан акча тараткан партиялардан үмүттү үзүү керек.

– Өзүңүз бул шайлоодо партиялардын капчыгына карап добуш бересизби, же жасаган ишинеби?

– Мен эч качан адамдын капчыгына караган эмесмин. Ар бир адамдын жасаган ишине карап мамиле жасап үйрөнгөнмүн.

Айбат гезити №148 (02.10.2015)