Домой Экономика “РСК Банктын” таза кирешеси I жарым жылда 10 пайызга өстү

“РСК Банктын” таза кирешеси I жарым жылда 10 пайызга өстү

4

Business concept isolated on white2013-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон “РСК Банк” ачык акционердик коомунун таза кирешеси 133,9 млн сомду түздү, ал өткөн жылга салыштырмалуу 10 пайызга көп. Бул тууралуу маалымат насыя мекемесинин каржылык отчетунда баяндалат.

Банктын отчеттук мезгилдеги оперциялык кирешелери 517,5 млн сом, чыгашасы 366,9 млн сомду түзгөн.

Ошол эле маалда банктын активдери 11,7 млрд сомго жетти.

Салыштыруу үчүн айтсак, “ЮниКредитБанк” ачык акционерди коомунун активдери 30-июнда14,3 млрд сомду түзгөнүн белгилесек болот.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/227880