Домой Негизги С.Жапаров курултайга эл ташып келип, “кворум” кылат экен

С.Жапаров курултайга эл ташып келип, “кворум” кылат экен

10

Жапаров Маршрутка

«Ата журт» партиясын чанып, өз алдынча кеткен Садыр Жапаров 31-мартка белгиленген элдик курултайга кызуу даярдык көрүп жаткан кези. Ал ушу тапта түштүк чөлкөмүнөн кишилерди тымызын ташытып жатканы каңкууланууда.

Ишенимдүү булагыбыздын кабарлашынча, Садыр Нургожоевичдин көздөй адамдары Ош, Жалал-Абад дубандарындагы такси, бусиктерди жалдап, курултайга катышчу кишилерди тымызын ташый башташыптыр. Алды борбор калаага келип, мейманкана, батирлерге жайгаштырылып жатат дешет. Жер-жерлерден шайланып келген делегаттар курултайга катышчу эле, ал эми С. Жапаровдун адамдарды жашыруун жыйнаганы эмнеси, ыя?

Же өзү «жыландын башын кылтыйткандай», 31-мартта тоз тополоң салууну көздөгөндөн сообу деги?

Айбат гезити №69